Чүй облусунда акыркы 3 айда 958 кылмыш иши козголуп, алардын 710нун бети ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Чүй ОИИББинин акыркы 3 айдагы отчёттук жыйынында айтылды.
2018-жылдын 1-кварталынын отчётунда:
* Адам өлтүрүү боюнча 15 кылмыш иши катталып, баарынын бети ачылган.
* Зордуктоо боюнча 21 факт катталса, 21нин тең бети ачылган.
* Тоноо боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 17синин бети ачылган.
* Кол салуу боюнча 6 кылмыш иши катталып, бешөөнүн бети ачылган.
* Батирлерге уурулукка кирүү боюнча 146 факт катталып, 96 кылмыштын бети ачылган.