"Орус жарандыгы бар" деп талкууланган Сагындык Келдибаевге депутаттык мандат тапшырылды

"Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаевге депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-апрелде БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

"Бизге Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен Сагындык Келдибаев 2014-жылы Орус жарандыгынан баш тарткан маалым кат келди. Мыйзамга ылайык, биз мандат беришибиз керек.

Ал эми коомдук уюмдардын кайрылуусунда анын жарандыгы бар экени көрсөтүлгөн, бул маселе да такталат, жарандыгы аныкталып калса депутаттык мандатты кайра алабыз", - деди Журабаева.

Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаевдин жарандыгын текшерүү боюнча коомдук уюмдар БШКга кайрылуу жасашкан.

Эске салсак, 20-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан