Ош жана Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз курал алып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-20-апрелде ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарынын аймагындагы Алмалык айылынын 61 жаштагы А.Р. аттуу тургуну 12-калибрдеги ИЖ-58 үлгүсүндөгү мылтыкты тийиштүү документтери жок алып жүргөн жеринен кармалган. Ошондой эле Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын 41-жаштагы З.Т. аттуу тургуну мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен колго түшкөн. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 46 жаштагы П.Т. аттуу жергиликтүү жашоочусунун үйүнөн револьвер тапанчасы табылган.
Алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү эскпертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.