Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде УКМКнын кызматкерине 3 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери кармалган. Ал акчаны тергөөгө чейинки текшерүү учурунда аныкталган мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн пара катары берүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kg-samsung
2018-04-24 14:25:29
Корупция менен курошумуш болуп атат окшойт. Ашанын убагынан жылыш бардай . Байкадынарбы силердагы
+4
Farhad.baku
2018-04-24 14:28:29
Элдин акчасын жегендер арам олсун кудай жазаласын
+3
Omurbek998
2018-04-24 15:09:53
Кыргызстан онугуп кетпесе болду еми
0
Jelezo
2018-04-24 15:16:17
Атаңын оозун урайын кызматчылар тооба кылып эми токтотбойсуңарбы болдуда силерди камаш үчүн дагы кредит алып түрмө салыш керек антбесе түрмөгө батбайсыңар чындап камаса
+6
Farhad.baku
2018-04-24 15:19:34
Jelezo,ой боорду эздин чын эле батпайтго жеп жутарлар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан