Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен каракчылар 4 айдан бери кармала элек. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин жетекчиси Нурлан Сарчаев билдирди.
"Токмок шаарындагы эки баланын өмүрүн алган кылмыштын бети дагы деле ачыла элек. Бул боюнча криминалдык милиция кызматкерлери ар кандай версиялар менен иштеп жатышат. Ал эми балдардын энеси ооруканадан чыгарылып, учурда туугандарынын көзөмөлүндө болуп жатат", - деди Сарчаев.
Эске салсак, 28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 1995-жылы туулган баласы 29-декабрда каза болуп калган. Ал эми үйдүн ээси Диля аттуу аял башынын бир канча жеринен жаракат алгандыктан операция жасалган. Ал эми 8-9 жумалык кош бойлуу 16 жаштагы келини да башынан жаракат алган.