Сооронбай Жээнбеков: "Сот бийлиги - өлкөдөгү эң коррупциялашкан орган"

Бүгүн, 24-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы сот системиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маселелерге көңүл буруп, жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары өлкөдөгү эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.

"Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргыз мамлекети өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат. Мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо", - деди президент.

Жолугушууда Жогорку Соттун ролун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан