Бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБинин аянтында Э.Алиев атындагы Милиция академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө окуусун аяктагандыгы тууралуу дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. Салтанатты Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков ачык деп жарыялаган соң, гимн ойнолуп, сөз келген конокторго берилди. Келген ардагерлер бүтүрүүчүлөргө өз каалоо-тилектерин айтышты. Академияны бүтүргөндүгү тууралуу дипломду 42 бүтүрүүчү алды.