Баткенде 5 жашар наристе жоголуп, жансыз денеси Тажикстандан табылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка айылынан жоголуп жаткан 5 жаштагы наристенин жансыз денеси Тажикстандан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун тургуну билдирди.

Маалыматка ылайык, наристе 23-апрелде кечке жуук жоголгон.

"Кечээ болжол менен саат 19:50 чамасында Арка айылынан 5 жаштагы бала үйдөн чыгып кеткен боюнча изделип жаткан. Анын жансыз денеси эртең менен Тажикстандын Гафуров шаарындагы каналдан табылды. Бала ойноп жатып каналдагы сууга түшүп кетиши мүмкүн деп айтылып жатат. Наристе бүгүн саат 10:00дөр чамасында айылга алынып келип, жерге берилди", - деди тургун.

Ал эми Баткен ОИИБи ушундай окуя катталганын тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Bekboloooot
2018-04-24 16:01:08
Биздин айылдан окшойт!

Кудай сакта!
+5
guju9389
2018-04-24 16:04:15
Аллах жаннатты кылсын периштени
+3
nur...nur.
2018-04-24 16:26:17
Карабайбы
+1
bayhan
2018-04-24 16:28:05
Ата-Эненин кайдыгер мамилесинен улам, беш гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристелер бул дүйнө менен кош айтышып жатышат.
-3
bayhan
2018-04-24 16:32:41
Бул дүйнөгө наристени алып келгенден кийин, аны бапестеп багыш керек, тарбиялаш керек, окутуп чокутуп элдин катарына кошуш керек. Бирок бизде андай аяр мамиле болбой жатат абдан өкүнүчтүү.
-3
Jarma
2018-04-24 16:37:21
Мынтип бир Ата-Энени бир беткей куноолой бергенибиз туура эмес го дейм. Беш жашар баланын артынан карап журо берсе башка тиричилигин ким кылат? Ата-Энесине сабыр тилейбиз!
+5
Topchubai
2018-04-24 16:40:57
Бугун Арка айылына барганымда ушул баланын жоголгонун уктум эле,каза болуп калыптыр да.Ата энесине сабыр тилейм.
+2
Zainidin96
2018-04-24 16:46:19
Тажикстанга кантип отуп кетти экен ал кыз
-1
Abdullatif
2018-04-25 08:10:33
Zainidin96,байкашымча сен теманы окуп калганын окубай эле комментарий жазган окшойсуң. Кайрадан окуп чыксаң сурооңо жооп аласың. Биринчиден ал жакка суу менен агып барган, экинчиден кыз эмес бала деп турат.
+1
2018mt
2018-04-24 16:48:39
Ким эле артынан калбай ээрчип журо алсын. Кырсыкта бул
+6
sinej
2018-04-24 16:56:11
Кырсыка сынчылар коп.
+5
bayhan
2018-04-24 16:58:51
Сактансаң сактайм дейт кудай, ким эле артынан ээрчим жүрмөк эле деп карабай койсо, бул балага болгон мээримдин жоктугу, баланы караш керек жок дегенде жетиге чыкканча.
-2
taranchi14
2018-04-24 18:27:16
bayhan, ал уй-булону тааныгандай суйлойсун го. Сенин балан кырсыктап калса корот элем. Кырсык каш кабактын ортосунда.
+3
bayhan
2018-04-24 20:12:50
taranchi14,сен каяктан билесиң кырсык болгонун, ал жерде турат чооң болуп жазылып үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес деп. Эмне болгонун бир кана кудай билет. Же сен көрдүңбү кырсык болгонун.
0
dinara7684
2018-04-25 09:37:13
bayhan
Сен озун балалуу боло элек окшойсун,болсо 1 же 2.эгер 5-6 балан болгондо минтип жазбайт элен,Ата энесине сабыр берсин...
0
kalpak.kg92
2018-04-24 17:43:59
Туй 5 жашар наристе журогум уйбулосуно сабыр берсин
+2
Talantbek1994
2018-04-25 01:36:42
Ааии жаман болуптур(((. Ойноп чыгып каналга таш ыргытам деппи түшүп кетти да шордуум десе((. Үй бүлөсү кантти экен?
0
Nuri1988Elim2010
2018-04-25 10:50:41
Окунучтуу!Сабыр берсин.Аллахым ар кандай себеп алат экенда жаныбызды
0
Mularamov
2018-04-25 22:25:19
arkadan akkan kanal gafurufdan ottposo kerekko
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан