ИИМ: "Ош ШИИБинин жаңы башчысына кумар оюндарын ойноочу жайларды жабуу үчүн 3 күн убакыт берилди"

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Ош ШИИБинин жаңы башчысы Муратбек Бороновго кумар оюндарын ойноочу жайларды жабуу үчүн 3 күн убакыт берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар тарабынан кумар оюндарын ойноочу жайлардан жарандар өздөрүнүн мүлктөрүн (үйлөр, унаалар, ири суммадагы акча каражаттар жана башкалар) уттуруп жаткандыгы тууралуу даттануулар келип жаткандыгын билдирген. Мындан улам Муратбек Бороновго бул боюнча иш алып барууну жана баңги кылмыштуулугуна каршы ишти күчөтүү керектигин тапшырган.

Сүйүнбек Өмүрзаков Ош ШИИБинин башчысына: "Кумар оюндарын ойноочу жайлар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүңүз. Сизге бул боюнча үч күндүк убакыт берем жана жыйынтыгы боюнча өзүңүз маалымат бересиз", - деген.

Айта кетсек, милициянын полковниги Муратбек Боронов Ош ШИИБинин өздүк курамына жаңы башчы болуп дайындалып, бүгүн, 24-апрелде кызматкерлерге тааныштырылды. Ал буга чейин Ош ОИИБин жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurgaz
2018-04-24 19:08:19
Эн соонун, кумарканаларга кошуп сексканалардыда жапсын.
+16
karakulja
2018-04-24 22:29:34
nurgaz,секскана дейсинби?
0
mama.i.synochka
2018-04-24 19:31:23
Эми Кыргызстан чындыгында онугот окшойбуз. Ишинизге ийгилик.
+12
sinej
2018-04-24 19:34:38
Сексканаларды жаппагыла. Ачык эле тура берсин. Антпесе зорлуктоолор коп болуп кетет.
-8
toktor89
2018-04-24 21:27:47
жабылбаса чык эшикке!
+3
Abdusamat.kg
2018-04-24 23:40:17
Кубатбек Боронов Муратбек Боронов
0
Дарыгер
2018-04-25 00:39:51
3 кун убакыт Берген кишиде кооп иш бар...
0
Akylaj85
2018-04-25 10:24:06
аларды убактылуу он он беш нү



күн жаап тургула деген жаап койушкан сауна ии эми ошондой жерлерди катту текшер болот жооп ьере албайбыз деп баарын жаптырыптыр деп сүцүнуп албагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан