Ысык-Көл. Тоң районунда жааган кардан электр өткөрүүчү зым үзүлүп, бир адам токко тартылып каза болду

17-июнда түнкү саат 12лер чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагындагы Калкагар айылында электр өткөрүүчү зым үзүлүп, аталган айылдын орто мектебинин директору, 1979-жылы туулган Адис Дыйканбаев электр чыңалуусуна кабылып каза болгон. Тоң райондук "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы инженери Маратбек Сейитгазиев ошол күнү кар жаап, электр чубалгылары үзүлүп кеткенин билдирди. "Маркум көчөдө үзүлүп жаткан электр зымын кармап алып, токко урунган. Эгерде электр мамысы куласа, күнөө бизде эле. Бирок ал жерде зым үзүлүп жатат. Андыктан бизде эч кандай күнөө жок",- деп билдирди. Ал эми маркумдун ата-энеси аталган айылда электр чубалгыларынын эскилиги жеткенин айтышты. "Азыр окуя кандай болгонун тактап жатабыз. Эгерде уулумдун өлүмүнө күнөөлүү адамдар болсо, өз жазасын алышсын",- дешти алар. Кошумчалай кетсек, токко урунуп каза болгон маркумдун сөөгү 20-июнда жерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан