"Бишкек ЖЭБдеги курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 2017-жылы 684 миллион сом бөлүнгөн" дейт "Улуттук энергетикалык холдингдин" өкүлү

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

Бишкек ЖЭБдеги курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 2017-жылы 684 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде "Улуттук энергетикалык холдингдин" өкүлү Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал бөлүнгөн каражаттын 408 миллион сому гана пайдаланылган.

"ЖЭБдин чатырын жабуу жана терезелерин орнотуу боюнча эки жолу тендер өткөрүлүп, бирок утуп чыккан ишканалар ишти аткаруудан баш тартып коюп жатышты. Жыйынтыгында акча ашып калды", - деди "Улуттук энергетикалык холдингдин" өкүлү.

Депутат Мирлан Бакиров ЖЭБ боюнча үч мамлекеттик түзүм жооп берип жатканын сынга алды. "Бул жерде "Улуттук энергетикалык холдингдин", Бишкек ЖЭБдин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жооп берип жатышат. Бир маселеге үч тарап жооп берип жатып жыйынтыгында ЖЭБдин эшик-терезелери жыртык-тешик бойдон калууда. Ошондуктан түзүмүн карап чыгышыбыз керек", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан