Москвада Кыргыз жараны терроризмге күнөөлөнүп, сыртынан соттолду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москванын Мещанск районунун соту Кыргыз жаранын террордук уюмга жана террордук уюшкан кылмыштуу топтун катарында теракт жасоого айыптап сыртынан соттоду. Ага карата "террордук аракеттерге катышуу" жана "адамдар тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп жасалган, террористтик акт" боюнча чечим чыгарган. Ошондой эле шектүүгө карата эл аралык издөө жарыяланган.
"Мещанск райондук соту 23 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны Мирлан Мамашариповду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды", - деп айтылат соттун расмий маалыматында.