Жогорку Кеңеш баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин бир добуштан жактырды

10:38. Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда. Анын талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырып жатат.

24-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана көпчүлүк коалиция башкы прокурор кызматына президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап, бир добуштан жактырган.

10:51. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов прокуратура тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу керектигин айтты.

Өткүрбек Жамшитов аталган тармакта иштегендер 15 миң сомдун тегерегинде айлык ала турганын билдирди. Ал мындай демилге менен Жогорку Кеңешке келе турганын белгиледи.

10:59. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов прокуратура кызматкерлери мыйзамсыз нерселерге барбашы керек деген пикирин айтты.

11:01. Жогорку Кеңештин жыйынында тыныгуу жарыяланды.

11:20. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу маселесин карап чыгуу керектигин айтты.

11:35. "Бир Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов аймактардагы прокуратура кызматкерлери айыл өкмөттөрдүн ишине кандай тоскоолдук кылып жатканын айтты. "Буга чейин айыл өкмөттөр жылына бир миллионго чейин тендерсиз сатып алууларды жүргүзсө болот деген мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон. Ал мыйзамдын иштешине аймактардагы прокуратура кызматкерлери тоскоолдук кылып жатыптыр. Негизсиз текшерүүгө алып жатыптыр. Кызматка барганда ушул маселени карап койсоңуз. Айыл өкмөттөр ачык айта алышпайт экен. Мыйзам менен бир миллион, өкмөттүн да чечими бар, айыл өкмөттөр 2 миллионго чейин сынаксыз керектүү иштерди кылса болот. Негизги принцип - мыйзамды туу тутуңуз", - деди Ормонов.

11:44. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров баш прокурорлукка талапкерди интригалардан алыс болууга чакырды. "Прокуратура кызматкерлери арасында "жаңы прокурор келди, биз эми кызматтан кетебиз" деп жатышыптыр, сизди интригадан алыс болууга чакырам, тажрыйбасы бар жумушчуларды иштетишибиз керек. Себеби кызматкерлердин арасында таза иштеп, үй-бүлөсүн баккан кызматкерлер бар.

Анан эми сизди мактагандар көбөйөт, андай мактоодон алыс болуңуз. Эң биринчи элдин ыраазычылыгын алсак, ошол жеңиш. Мыйзамсыз иш жасаган, ак жеринен күнөөлөп койгон кызматкерлерге чара көрбөсөк элде нааразычылык көп болот", - деди Шайназаров.

11:54. КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратура ачык жана так болушу керектигин айтты. "Прокурорлор сотко барган учурда таасир бербеши керек. Ошол жагына көңүл бурсаңыз. 2013-жылы мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алганбыз. 9400 жаран бул мыйзамдын талабын аткарган. Бирок мыйзамга карабай Чүй облустук прокуратурасы иш козгогон. Мындай болсо биздин жарандар мыйзамдарга ишенбейт. Мыйзамды аткарган жарандарга тийишпесек.

Конституцияда так жазылган, биз жарандарыбызды коргошубуз керек. Керек болгон учурда экстрадиция маселесин жолго коюшубуз шарт. Казакстанда жаткан жарандар боюнча канча кайрылуулар болууда. Башкы прокуратура жөн эле шылтоолор менен чыгат. Андай болбошу керек", - деди Бекешев.

11:58. "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров баш прокурорлукка талапкерди саясий интригаларга аралашпоого чакырды. "Саясий интригаларга аралашпасаңар, саясаттан алыс болсоңор, прокуратура таза болот, өлкөдө туруктуулук орун алат.

656 мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери боюнча тийиштүү адамдар органда иштебеши керек. Күнөөсүз адамдар эмне деген азаптарды көрүп жатат.

Контрабанда боюнча 2014-жылы 259 иш козголсо, 29у сотко барган, 2015-жылы 269 иш козголсо, алардын 17си гана сотко барган. Алардан соттолгону 6 гана киши. Контрабанда коррупциянын өзөгү деп жатабыз, айрым партия лидерлери 10 миллиард сом бюджетке түшпөй калганын айтышууда, буга көңүл бурган эч ким жок. Ушул иштерди карап чыксаңыз", - деди Жапаров.

12:01. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев 996 кытай жараны мыйзамсыз жашоо укугун алганы иликтенбей жатканын айтты. "Бул маселени көзөмөлгө алып, маалымат берсеңиз. Ар бир кытай жаранынан 5 миң доллардан алган деген сөздөр бар. Бул деген 1000 адамга 5 миллион доллар. Ушул маселени териштирсеңиз", - деди Бокоев.

Мындан тышкары депутат президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүн эске салды. "Шайлоо бүттү, улуттук жана башка саясий маселелер токтошу керек. Болбосо партияга чуркаганды токтотуш керек" деп президентибиз айткан. Биздин лидерибиз Өмүрбек Бабановду билесиз, ага шайлоодон кийин кылмыш иши козголду. Эми шайлоодогу сөздөр үчүн куугунтук болбош керек да. Андан бери фракциянын лидерлигинен баш тартты, мандатын тапшырды, мен ойлойм, ушул маселеге көңүл бурсаңыз. Саясий чечим менен козголгон иштерди токтотушубуз керек. Биз демократиялык жолдон чыкпашыбыз керек", - деди Бокоев.

12:10. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов

12:16. Жогорку Кеңеш баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Добуш берүү жашыруун электрондук түрдө өтүп, ага катышкан 109 депутаттын бардыгы "макул" деп добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан