КҮНСЕРЕП: Эскилерден куралган жаңы өкмөт ишке киришти

Бүгүн, 25-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген жаӊы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти. Президент Сооронбай Жээнбеков жаӊы чиновниктерге анттын маӊызы трибунадан текст окуу эместигин эскертип: "Анттын ыйыктыгын түшүнбөгөндөрдү кандай күн күтөрүн көрдүӊөр", - деди. Өзөгүн эски кадрлар түзгөн жаӊы өкмөт ажонун ушундай "ак батасы" менен кызматка киришти.

Турсунбек Чыңгышевдин отставкасынан бери боло элек окуя орун алып, Кыргыз өлкөсүндө өкмөт ишенбестик көрсөтүү менен отставкага жиберилип, бир түндө жаңыланды. Жаӊы премьер Абылгазиев өкмөттүн программасы бир түндө жазылып, кадрларды дыкат иргеп алууга үлгүрбөгөнүн айтып алакан жайды.

Парламент 19-апрелде жалгыз Сапар Исаковго эмес, жалпы өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнү үчүн министрлер кабинети отставкага кетти. Андыктан эски өкмөттүн мүчөлөрү жаӊы өкмөттүн курамында кала бергени канчалык туура? Мисалы, жаӊы шайланган 21 өкмөт мүчөсүнүн 14ү мурдагы өкмөттөрдүн курамында иштегендер. Убагында аларды ушул эле парламент, ушул эле депутаттар начар иштеп жатышат деп жемелеп жүргөн. Ошондой кадрларды Жогорку Кеңеш электен өткөрбөй койсо логикага ылайык болмок. Андай болбоду. Момбеков өңдүү депутаттар трибунадан катуу кыйкырып сындаганы менен “макул” деп добуш беришти.

Өкмөт башчы ишенбестик көрсөтүү менен отставкага кетирилгени кыргыз саясатындагы өзгөчө көрүнүш болгону менен андан кийинки окуя буга чейин болуп келе жаткан нукта уланды. Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп жүрүп президенттин сунушу менен өкмөт башчылыкка келишкен. Абылгазиев да азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен Ак Үйдөн, президенттик аппараттын жетекчилигинен келди. Андыктан аны Сооронбай Жээнбековдон көз карандысыз, өз алдынча иш тутат деп айтуу кыйын.

Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн милдети экономиканы көтөрүү экенин, бирок Абылгазиевдин 4 орун басарынын бири да адистиги боюнча экономист эместигин айтып чыкты. Депутат Жанар Акаев тышкы карыз кескин өсүп бараткан маалда 2 жыл сайын Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун, башкача айтканда, карызга 2 жыл сайын той өткөрө бербей, бул оюн-зоокту Олимпиада оюндары сыӊары 4 жылда бир жолу өткөрүүнү сунуштады. Быйыл сентябрда өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна казынадан 307 миллион сом жумшалмакчы. Мындан сырткары "Центерра" өӊдүү демөөрчүлөрдүн миллиондору бар. Ушул миллиондорду инфраструктураны, тейлөөнү жакшыртууга жумшаса жыйынтык жакшы болор беле деген суроону салат эл өкүлү.

Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы - 4,2 миллиард доллар. Тышкы карыздын коркунучтары Жогорку Кеӊештин трибунасынан көбүрөөк айтыла баштады. Экономист депутат Акылбек Жапаров акыркы 7 жылда өлкөнүн Кытайдан алган карызы 2 пайыздан 44 пайызга өсүп жеткенин, бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратуучу көрүнүш экенин айтып чыкты. Жакында Кытайдан алган карызы үчүн Тажикстан алтын кенин Кытайга иштетүүгө берди. Экс-депутат Равшан Жээнбеков сырттан алынган карыздарды туура эмес пайдалануу боюнча мурдагы бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо зарыл деген пикирде. Бишкек ЖЭБин жаӊылоого алынган 386 миллион доллардын кандай жумшалганын Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы 4 айдан бери иликтеп бүтпөй жатат. Бишкек ЖЭБин жаңылоо чуусунан улам Кытайдан алынган 389 миллион долларга курулган "Датка-Кемин" электр линиясы боюнча да суроолор көтөрүлө баштады. Депутат Кожобек Рыспаев линиянын 1 чакырымы дээрлик 1 миллион долларга курулганы шектүү дейт.

Убагында президент Алмазбек Атамбаев Кытай көрүнгөн эле мамлекетке карыз бере бербей турганын айтып, Кытайдан карыз алууга каршы саясатчыларды "эл душманы" атаган. Равшан Жээнбеков эгер Кытайдан алынган карыздардын туура эмес пайдаланууга Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар экени далилденсе, аны экс-президент катары кол тийбестик иммунитети сактай албайт дейт. Саясатчы экс-президент деген кол тийбестик саясий өңүттө иштейт, баш мыйзамда жазылган бул макам кылмыш иштерине карата иштебейт дейт...

Депутат Дастан Бекешев интернеттеги пикири үчүн жарандарды жоопко тартуу демилгесин артка кайтарып алды. Маалыматка таянсак, Бекешев сунуштаган мыйзам долбооруна мурдагы өкмөт каршы чыккан. Долбоорду артка кайтарып алганы менен депутат элге ушундай чектөө керек деген оюнан кайткан жок. "Бул мыйзам керек экенин өкмөт кийин түшүнөт", - дейт автор.

Депутат бул мыйзам долбоорун 2017-жылы, эркин ЖМКлардын, журналисттердин үстүнөн миллиондогон сомдорго доо арыздар жазылып, аларды сот канааттандырып жаткан маалда демилгелеп чыккан. Ага ылайык, интернетте кимдир-бирөөнү негизсиз каралаган билдирүүлөр үчүн моралдык компенсациянын эң ылдыйкы чеги 20 миӊ сом болуш керек эле. Ошондой эле ММКларга жана социалдык түйүндөргө чыккан маалыматтарды төгүндөө милдетин да күчөтүү сунушталган. Доогер арызданган маалыматты жарыялаган ММК гана эмес, аны тараткан, бөлүшкөн маалымат булактары да төгүндөө берүүгө милдеттүү болмок. Бул мыйзам долбоору 2017-жылдын этегинде коомдук талкууга коюлуп, көп сындарга туш болду. 2018-жылы 5-январда Бекешев текстте ката кеткенин, документти дагы иштеп чыгуу керектигин айтып коомдук талкуудан алган. Эми өкмөт каршы чыккандан кийин демилгесин артка кайтарып алды. Жаӊы президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө сөз эркиндиги болушу керектигин, бирок бардык тараптар, анын ичинде саясатчылар, журналисттер ЖМКлар да жоопкерчиликти сезиши зарыл экенин айтып жүрөт. Президенттикке талапкер кезинде Жээнбеков 24 кг сайтына жарыяланган макала үчүн аталган сайтты жана саясатчы, журналист Кабай Карабековду 10 миллион сом доо арызы менен сотко берип утуп алган. Быйыл февралда президент Жээнбеков 24 кг сайтына салынган 5 миллион сом айыптан баш тарткан. 16-апрелде Карабеков президенттен кечирим сурап, жазган макаласын төгүндөдү. 17-апрелде Жээнбеков журналист Карабековго карата 5 миллион сомдук доосунан баш тартты. Президент муну менен максаты ири суммадагы акчалуу болуу, маалымат агенттигин миллиондоп доого жыгып оор абалда калтыруу эместигин далилдеди.

Бул окуялардан соң элди интернеттеги пикирлери үчүн "ооздуктоону" максат кылган мыйзам долбоору парламенттен, андан өтсө президенттен колдоо табары күмөн болчу. Депутат Бекешев да муну түшүнгөн көрүнөт...

Жогорку Кеӊеш баш прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовду 109 добуш менен шайлады. Жамшитов ишеним көрсөткөнү үчүн президентке, колдоп бергени үчүн парламентке ыраазычылык айтты. Жакын арада аны кызматка дайындоо жөнүндө өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы чыгат.

2016-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен премьерликке сунушталган талапкер Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеӊеште "өкмөт башчы болорум түшүмө да кирген эмес" деген эле. Өткүрбек Жамшитов да президент Жээнбеков баш прокурорлукту сунуштаганда "шок" абалында калганын айтты. Ушул себептүүбү, айтор, Жамшитовдон ишенимдүү айтылган убадаларды угууга мүмкүн болгон жок. Депутаттардан суроолоруна "саясий буйруктарды аткарбайм, мыйзамдын гана талабына баш ийем" деген өӊдүү жоопторду айтып чектелди. Негизи, мыйзамдан башка эч кимге баш ийбесин кызматка жаӊы шайланарда бардык башкы прокурорлор айтышат.

Эл өкүлдөрүнөн Өткүрбек Жамшитовго саясий себептерден улам ар кандай беренелер боюнча оппозициячыларга карата ачылган кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун карап чыгуу, прокуратурадагы коррупцияны жоюу, депутаттарды оппозиция же позиция деп бөлбөй тегиз мамиле жасоо, мурдагы баш прокурорлордун катасын кайталабоо талаптары көп айтылды.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутат Канатбек Исаев 2008-жылы Токмокто мэриянын жерин ижарага бергени үчүн соттолуп кеткенин, ал эми Бишкекте гектарлаган жер тилкелери ижарага берилип, андан ары сатылып кеткен фактылар чыгып жатса да эч ким жоопко тартылбай жатканын мисал келтирди. Жаңы башкы прокурор шайлап жатып "Ата Мекенчилер" экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун кылмыш иши тууралуу маселе көтөрүшпөдү. Текебаев тууралуу кечээ "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов айтып чыккан. Сулайманов Текебаевге каршы козголгон кылмыш иши сөзсүз кайра каралышы керектигин, туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турганын билдирди. Мындан бир нече ай мурун парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракция лидеринен мындай пикирди угуу мүмкүн эмес болчу...

Кыргыздын ЕАЭБдеги союздашы Армениянын парламентиндеги "Елк" фракциясы премьер-министр кызматына элдик толкундоолордун башында турган Никол Пашинянды көрсөтөрүн ачыктады. Пашинян бул кызматка шайланышы үчүн парламенттеги 105 депутаттын жарымынан көбүнүн добушун алышы керек. Башкаруучу коалицияда 58 депутаты бар "Армения республикалык партиясы" менен 7 депутаты бар "Дашнакцутюн" Армян революциялык федерациясы" фракциясы бар. Ал эми 9 депутаты бар "Елк" жана 31 мандаты бар "Царукян блогу" фракциялары оппозициялык блокту түзөт. Пашинянды премьер кылып шайлаш үчүн 40 добушу бар парламенттик оппозиция кошумча 13 добуш алышы керек. Армения парламентинин депутаты Эдмон Марукян оппозиция бул 13 добушту башкаруучу коалициядагы фракциялардан "тартып алат" деген ишенимде.

"Армения республикалык партиясы" фракциясы - Кыргыз парламентиндеги бүгүнкү КСДП фракциясы өңдүү. КСДП партиясын да, Армения республикалык партиясын да өлкөлөрдүн экс-президенттери жетектейт. 2 фракция теӊ башкаруучу коалицияда негизги күчтү түзөт. 23-апрелде элдик нааразычылыктан улам Серж Саргсян премьерликтен кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Армения республикалык партиясынын дагы бир мүчөсү Карен Карапетян өкмөт башчылык милдетти аткарууда. Пашинян "бийликти тынчтык жолу менен элге өткөрүп берүүнү" жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат. 24-апрелде Пашинян менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетяндын жолугушуусу үзгүлтүккө учурады. Карапетян оппозиция лидери Пашинян аткарууга болбой турган жаӊы талаптарды коюп жатат деп чыкты. Ал эми Пашинян элди кайрадан митингге чыгууга чакырып, жаӊы өкмөт башчылыкка Армения республикалык партиясынын талапкеринин дайындалышына жол берилбеши керектигин айтты. Армян эли кайрадан көчөгө агылып чыкты.

Еревандагы окуялардан улам Армениянын ЕАЭБдеги абалы кандай болоруна кызыгуу күчөдү. Никол Пашинян күн тартибинде Армениянын ЕАЭБ жана ЖККУ өӊдүү уюмдардан чыгышы жөнүндө маселе жок экенин, мындай иштер референдум жолу менен гана чечилиши керектигин билдирди. 2014-жылы Армения ЕАЭБдин курамына кирип жатканда парламентте Пашинян каршы добуш берген...

Бишкекте 24-апрелде катуу шамал болуп, шаардыктарды кыска убакытка коркунуч тооруду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен. Бороондон дарактар кулап, үйдүн чатырлары учуп, автоунаалар жабыркады. Элдин көӊүлүн катуу шамалдын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктон өлкө туусун жулуп учуруп кеткени бурду. Желек жерге түшкөндө аянтта жүргөн жарандар аны дароо жерден алып, желекти кайтарган сыйлуу кароолдун аскерлерине өткөрүп бергени тартылган видео интернетке тарап, жылуу пикирлерди жаратты. Ал эми жарандык активист Азамат Жаналиев үйүндөгү мамлекеттик тууну көтөрүп келип, түндөн таӊ атканча флагштоктун жанында кармап турган. Бул аракетин ал "туубуз эч качан түшпөсүн" деп түшүндүрдү. Позитивге суусап турган коомдо Жаналиевдин бул ишин мактагандар көп болду...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан