Токтогулда 42 жаштагы адам Узун-Акмат дарыясына агып кетип каза болду

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагынын тургуну, Узун-Акмат дарыясына агып кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын куткаруу кызматына 24-апрелде саат 13:00дөр чамасында Кетмен-Төбө айыл аймагынын 42 жаштагы М.К. аттуу тургуну Узун-Акмат дарыясына агып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, дарыядан 42 жаштагы адамдын жансыз денесин алып чыгышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан