Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 19:40 чамасында болгон.
"Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тыналиев көчөсү менен түштүк батышты карай бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кичи автобустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Ал жөн гана өз жумуштары менен кетип бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми кичи автобустун айдоочусу кырсыктан жаракат алган эмес", - деп билдирди башкармалык.
Учурда жол кырсыгына тийиштүү бардык документтер Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери башталды.