Жантөрө Сатыбалдиев Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн, 20-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Өкмөтттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков премьер-министрге учурда аталган чек арада экендигин жана Фергана облусунун акиминин келишин күтүп жатканын телефон аркылуу маалымдады. Мындан сырткары ал Кадамжай жана Фергана райондорунун башчылары жолугушканын билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн Чек араны тактоо суроолору боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровго Баткен облусуна барып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоонун жүрүшү тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан