АКШда 2 жаштагы бала кокусунан унааны жүргүзүп алып, апасын сүзүп кетти

АКШнын Алабама штатынын 28 жаштагы тургуну Кирстен Раэйн Пирсонду 2 жаштагы баласы кокусунан унааны жүргүзүп алып, сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жеткенде каза болгон. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, унаа сүзгөндөн кийин оор жаракат алып, ооруканага тик учак менен жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда полиция кызматкерлери иштин чоо-жайын териштирүүдө. Бирок көпчүлүк бул окуяны кокустан болгон кырсык деп айтышууда.

Ошондой эле 2 жаштагы баланы камкордукка алган чоң апасы менен атасы окуя тууралуу айтуудан баш тартышкан.

"Балабызды күнөөлөбөйбүз, ал чоң апасы менен атасынын сүйүүсүнө бөлөнүп чоңоё берет" дешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-04-25 13:38:31
өткөндө эки жаштагы бала апасын атып алды беле?
+1
Nestana95
2018-04-25 14:13:47
aerforce,ооба
+1
Jasa
2018-04-25 16:57:02
Булар 2,3,4жаштагы балдарды чон адамдай корушобу?
Тийбейт,отур деген жерде отурат деп..
Кечээ эле атып салды деп уксак,бугун тебелеп кетти...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан