Акрам Мадумаров: "Баткен облусундагы чек арада болгон жаңжал Кыргызстандын аймагында болгон"

Баткен облусунун "Айдаркен" чек ара отрядынын “Марказ” чек ара тозотундагы чыккан жаңжал Кыргызстандын аймагында болгон. Бул тууралуу Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров билдирди. “Жаңжал Кыргызстандын такталган чек арасында, биздин чек арадан 500 метр бери жакта болгон”,- деди ал. Эске сала кетсек, бүгүн түнү аталган тозотто Өзбекстандын 3 чек арачысы Баткен облусундагы Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевди 3 жолу ок менен атышып, натыйжада ал жаран каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан