Ош шаарында 18 жаштагы кызды үйдүн чатырынан боюн таштайм деген жеринен милиция кызматкерлери куткарып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 16 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштоого аракет кылган 18 жаштагы кызды милиция кызматкерлери куткарып калышкан. Бирок кызга 167-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
"Ош ШИИБинин кызматкерлери Санжар Турдумамат уулу менен Омош Матисаков көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган 18 жаштагы кызды сактап калышкан. 2 милиция кызматкери аны үйдүн чатырына чыгып кармап калышкан. Кыз мындай кадамга туугандары менен болгон көйгөйдөн улам барганын айткан. Ал эми териштирүүлөрдүн натыйжасында, кыз батирлерден кийим кече уурдоого шектелип кармалганы, ага карата уурулук боюнча 5 факты менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.