Таласта жол кырсыгы катталып 4 адам жаракат алып, алардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн, 25-апрелде болжол менен саат 14:00 чамасында Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда, тактап айтканда, Талас районунун Бекмолдо айылындагы Ленин көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кетип, унаа башкаруудан чыгып оодарылып кеткен. Учурда кырсык болгон жерде Талас облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Кырсыктан каза болгондор жок.
Жол кырсыгынан жабыркагандар облустук ооруканага жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Учурда жабыркагандар Талас облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди басма сөз кызматы.
Кырсыктан жаракат алгандар:
57 жаштагы С.З. аттуу жарандын абалы оор, ал башынан жаракат алып учурда комада.
26 жаштагы Ж.Э.нин абалы оор. Учурда ага операция жасалууда. Ал ички органдарынан жаракат алган.
2016-жылы туулган Ж.А. учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канаттандырарлык.
9 жаштагы Т.у.А. баш мээсинен жаракат алып, ийини сынып кеткен. Учурда абалы канаттандырарлык.