Бүгүн, 25-апрелде Бангладештин Дакка шаарында өткөн волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү жеңип, жарым финалга чыкты.
Беттеш 5-бөлүккө чейин узарып, биринчи бөлүктө Кыргыз курамасы 25:15 эсебинде жеңишке жетсе, 2-бөлүктө Бангладеш курамасы 25:20 менен эсепти 1:1 кылып, 3-бөлүктө 25:19 эсеби менен алдыга чыгып кетти. 4-бөлүктө Кыргыз курамасы 25:13 эсебинде эсепти 2:2 кылып, командалар тай брейкте күч сынашты. Чечүүчү бөлүктө Бангладеш курама командасы партияны 15:13 эсеби менен жыйынтыктап, 3:2 эсеби менен жеңишти илип кетти.
Муну менен Бангладеш финалга аттанып, Түркмөнстан курамасы менен беттешсе, Кыргыз курама командасы 3-орун үчүн Непал командасы менен кездешет.