"Отставкага кетүү тууралуу арыз жазган эмесмин" деп Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 25-апрелдеги отурумунда мэр Албек Ибраимов билдирди.
"Силер мени 4 жылдык программа менен шайладыңар. Бул программаны ишке ашырууну улантабыз. Эч кандай арыз жазган эмесмин", - деп Ибраимов депутаттарга жооп берди.
Анын ою боюнча "мэр отставкага кетүү тууралуу арыз жазды" деген сөздөр социалдык тармактарда чыккан.
Айта кетсек, кечээ шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясы калаа башчысынын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапкан. Фракция лидери Асылбек Кадыралиевдин айтымында, жыйында депутаттар маанилүү маселелер боюнча суроолорго толук жооп ала алышкан жок.