Бишкек шаарынын Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын куткаруучулары, Бишкек шаарынын Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшигин ачып беришкен. Батирден 88 жаштагы Р.А.Г. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.