ӨКМ: "Кара-Сууда бир адам сууга агып кетти"

Ош облусунун Кара-Суу районунда Савай каналына бир адам агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына 25-апрель күнү саат 18:00дө Кара-Суу РИИБи тарабынан Сава каналына түшүп кеткен адам тууралуу маалымат түшкөн. Ага ылайык, 24-апрель күнү саат 10:30дар чамасында Ак-Таш айылында Савай каналына белгисиз адам түшүп кеткени тууралуу айтылат. Ал адамды издөөгө 6 куткаруучу жана жергиликтүү 4 тургун тартылган. Издөө иштери түн кирип кеткенине байланыштуу саат 20:30да убактылуу токтотулган. Бүгүн, 26-апрелде улантылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан