Бишкекте 32 жаштагы адам унаа уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте 32 жаштагы адам унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну 22-апрелден 23-апрелге караган түнү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айтып милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада мурда соттолгон 32 жаштагы И.И. аттуу адам шектүү катары кармалган. Бул факты боюнча 172-берене менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан