Москвада Кыргыз жараны мурдагы жарандык никедеги аялын ур-токмокко алып, мажбурлоо менен зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде Орусиянын Москва шаарында 31 жаштагы Ош облусунун тургуну полицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында мурдагы жарандык никедеги күйөөсү бир нече күн мурун ижарага алынган батирде кыйнап зордуктаганын билдирген. Мурдагы күйөөсүнө карата кандайдыр бир чара көрүп берүүсүн, анын мыскылдап, басмырлоосунан тажаганын билдирген.
Аталган факт боюнча Орусиянын ИИМи кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүүнүн жашаган жерин тактоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада шектүү катары 35 жаштагы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ж.М. аттуу жараны кармалган. Учурда ага карата тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.