Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров кесиптештерине каникулга тарагандан кийин бир апта Баткен облусунда жашап көрүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал бүгүн, 20-июнда Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча жыйында айтты. “Баткендин жашоочулары “силер келесиңер, угасыңар, бирок эч нерсе чечпейсиңер” деп жатышат. Маселени чечүү керек да. Бул эмне деген жашоо? Абал качан өзгөрөт? Мен алардын кантип жашап жаткандарын көрдүм, селсаяктар да андай жашабайт. Баткенге барып жашап көргүлө”,- деди ал.