Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылында жол кырсыгынан 42 жаштагы Өзбекстандын жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 24-апрелде саат 10:00 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кийинчерээк маркумдун аты-жөнү такталып, 42 жаштагы Өзбек жараны экени аныкталган.
Шектүүнүн унаасы айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.