Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө программасынын аткарылышына 1 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан “2013-2020 жылдырга жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө программасынын” аткарылышына 1 миллион доллар бөлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Мындай келишим 10-14-июнь күндөрү Финляндиянын Хельсинки шаарында өткөн 8-глобалдык конференцияда саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана ДСУнун генералдык директорунун орун басары Олег Чеснов менен жолугушуу учурунда түзүлдү. Конференция 170 мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери жана коомдук саламаттык тармагынын кызматкерлеринин катышуусу астында өттү. Ал жерде негизинен бүткүл дүйнө боюнча калктардын жугуштуу эмес болгон ооруларынын жана өлүмдөрүнүн өсүш көйгөйлөрү талкууланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан