“Президентке белги бер!” аттуу акциянын уюштуруучуларына карата чыгарылган өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды

“Президентке белги бер!” аттуу акциянын уюштуруучулары Мирсулжан Намазалиев, Камил Мырзаев, Азамат Акелеев жана Айзада Марат кызына карата Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтыруу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Мирсулжан Намазалиев интернет баракчасына жарыялаган. Эске сала кетсек, “Президентке белги бер!” акциясын уюштурганы үчүн Бишкектин тургундарынын арызынын негизинде аталган жарандар "майда бейбаштык кылган" деп айыпталып,  23-майда Биринчи Май райондук соту ар бир катышуучуга 400 сомдон айып пул төлөтүү чечимин чыгарган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан