Милицияга Борбордук Азиядагы Америка университетине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү түштү

Бүгүн, 26-апрелде милицияга Борбордук Азиядагы Америка университетине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн саат 13:27 чамасында А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда мекеме ИИМдин кызматкерлери тарабынан толугу менен курчоого алынып, имараттын ичиндеги элдин баары сыртка чыгарылган. Азыркы тапта сапёрлор менен окуу жайдын ичинде издөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
haydarkan
2018-04-26 15:09:46
Дагы бир аферистин ойлоп тапканы. 2 кундо таап алатко ошол элди дурболонго салган аферисти
+3
Dilzat1631
2018-04-26 15:19:44
Okuu jai tolugu mn kurchoogo alyndy,milisia kyzmatkerleri azamattar.Ech kimdi okuu jaiga jakyn jolotpoi koopsuzduktu jakshy karap jatat.
+1
Zainidin96
2018-04-26 16:19:08
Америка университети каерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан