Райымбек Матраимовдун Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы кайсы сотто карала турганы белгилүү болду

Райымбек Матраимовдун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттон тастыктап, соттук отурумдар кайсы күнү башталары азырынча белгисиз экенин айтышты.

Буга чейин Матраимов Исаковду "негизсиз жумуштан алды" деп сотко бергени белгилүү болгон.

Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Өткөн айда экс-президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовду иштен айдоону Сапар Исаковдон суранганын айткан. "Былтыр Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллионду" иштен айдоону сурангам. Ал аны 23-ноябрда кызматтан алды. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын чабуулу астында калды. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊдын арасында эч кандай "Райым миллиондор" болбошу керек", - деген Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан