Бүгүн, 26-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Райымбек Матраимов өткөн аптада өкмөт башчылыктан кеткен Сапар Исаковду сотко берди. Жогорку Сот доо арыз Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берилгенин тастыктады. Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун айтымында, Исаковдун үстүнөн Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары “мени негизсиз кызматтан алган” деп арыз жазган.
Эске салсак, өткөн жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду Бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгынан бошоткон болчу. Анын кызматтан алынышы көндүмгө айланбаган негиздеме менен түшүндүрүлгөн “иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн” деп. Андан көп өтпөй, 11-декабрда Бажы кызматынын башчылыгына Кубанычбек Кулматов келген. Ушул жылдын февраль айында Кулматов өкмөт башчы Исаковго 2018-жылдын январь айында 2 миллиард 8 миллион сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналганын айткан болчу. Бул сумма болжолдонгон көлөмдөн дээрлик 1 миллиард сомго, тагыраагы 907 миллион 3 миң сомго көптүк кылган. Бажы кызматынын жыйымдарындагы жалпы мамлекет боюнча 1,5 эсеге өсүүсүн өлкөдөгү аймактардын ичинен Ош менен байланыштырган. Аталган аймактагы ротациядан улам төлөмдөр 10 эсеге көбөйгөн.
31-мартта өткөн КСДПнын курултайында Райымбек Матраимовдун кызматтан алынуусунун артында Алмазбек Атамбаев өзү турганын айтып чыккан. "Былтыркы жылы Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сомдой түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллионду" иштен айдоону сурангам”, - деген Атамбаев курултайда.
Райымбек Матраимовдун кызматтан алынганынан бери 5 ай өттү. Бул аралыкта эмне өзгөрдү? Президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков ант берип, кызматына киришти. Президенттик аппарат баш болгон УКМК, Башкы прокуратура жана башка күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилери Жээнбековдун тандоосу боюнча алмашты, премьер-министрликке Жээнбековдун аппарат башчысы барып, өкмөттүк курам жарым-жартылай өзгөрдү. Сапар Исаковго карата доо арыз бийликте болгон мурунку жана жаңы команданын ортосундагы отко дагы май тамызары шексиз...
Матраимовдун Исаковду сотко бергендиги тууралуу кабарга удаа анын УКМКга суракка чакырылганы тууралуу кабар тарады. Күбө катары УКМКга суракка чакырылганын Сапар Исаков өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. УКМК Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде чакырылганын билдирди. Исаков белгиленген убакытта суракка барып, анда 2 сааттай болуп, УКМКдан чыккан соң тергөөчүлөр тарабынан берилген суроолор анын президенттик аппаратта иштеген мезгилине байланыштуу болгонун, “ЖЭБ боюнча күнөөсү бар” деген сөздөр болбогон бир ушак” экенин айтты.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБин Кытайдан берилген 386 миллион доллар кредитке жаңылоо ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, "Электр станциялары" ишканасынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев, Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев кармалган.
Буга чейин “вб.кг” сайты жогорку кызматтагы аткаминерлерди камакка алуу аягына чыга элек деп жазган. Аталган булак УКМК тарабынан кармалган Айбек Калиев менен Салайдин Авазов тергөө менен иштешүүгө макул болуптур, ЖЭБди жаңылоодогу кыңыр иштердин бардык катышуучулары тууралуу маалымат беришет экен деген жоромолду жарыялаган. Исаков кызматтан кетирилген күнү атамбаевдик “Апрель” телеканалына маек берип жатып “менин чочулай турган эч бир кыңыр ишим жок” деген. Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө киргендерден бийликти “тазалоо” муну менен эле токтоп калган жок...
Болот Сүйүмбаев Финпол башчылыгында 10 күн гана иштеди. Аны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул окуя Сүйүмбаевдин өмүр таржымалына публиканын көңүлүн дагы бурду. 7-апрель күнү ал өлкө башчысынын буйругу менен УКМКнын башчысынын орун басарлыгынан бошотулган эле. Арадан 9 күн өткөн соң 16-апрелде өкмөт башчы Сапар Исаков Болот Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы кылып дайындаган.
19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, отставкага кетирди. Ага чейин министрлер кабинетинин жылдык отчётун канааттандырарлык деп баалаган КСДП фракциясынын позициясы эмне үчүн өзгөрүп кеткенин анын лидери Иса Өмүркулов Сүйүмбаевдин кызматка коюлушу менен түшүндүргөн. “Президент менен премьердин ортосундагы тирешүү күчөп кетти. Биринчиси кызматтан кетирген адамды экинчиси кайра кызматка дайындаса, анда эртең кандай болот? Мен тирешүү саясатына каршымын” деген эле Өмүркулов.
Сүйүмбаев кызматтан бошотулганга чейин анын диплому тууралуу маалымат да тарады. 1987-жылы Дене тарбия академиясына тапшырган Болот Сүйүмбаев аны 2012-жылы аяктагандыгын аталган окуу жайдан билдиришти. Жыйынтыгында ал 25 жылдык окуудан кийин “дене тарбия мугалими” кесибине ээ болгон. Дене тарбия мугалимин улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу олуттуу кызматка, андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жетекчи кылып дайындашты беле деп коомчулукта мурунку бийликтин кадрдык саясатына нааразычылык кайрадан күчөдү...