АКШда коңшусуна жардамга келген аял күйүүчү май чачып өрттөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 27 жаштагы Кирстен Эшби коңшу кызына жардам бергенге келген мезгилде анын 24 жаштагы Рэймонд Боуэн аттуу күйөөсү күйүүчү май чачып өрттөп жиберген. Ал Эшби өрттөнүп жатканда тамеки чегип карап турган.
"Ал жардам берем деп өзүнүн тагдырын бузуп алды. Кызымдын жүзү таанылгыс болуп өзгөрдү. Дарыгерлер дене кичине өзүнө келип, ооруганы басаңдасын деп атайын аны 4 күн комада кармашты", - деп билдирген Эшбинин апасы.
Боуэн күнөөсүн моюнуна алган. Сот 5 баланын атасы Рэймонд Боуэнди 19 жылга эркинен ажыраткан. Ал учурда Кирстенге 80 жолу операция жасалып, дарыгерлер анын толугу менен күйүп кеткен кулактарын жана колдорунун манжаларын кесип салышкан. Азыркы тапта ал кайрадан басканды үйрөнүп жаткан учуру.