Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен комиссиясы Кадамжай районундагы окуяны иликтейт. Бул тууралуу 20-июнда ЖКнын жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Таалайбек Усубалиев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын 1-орун басары Искендер Мамбеталиев жүргүздү. “Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен комиссия түзүлүп, тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайт”, - деди Усубалиев.