КҮНСОБОЛ: Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугунан кетиши керекпи? (толукталды)

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. SUPER.KG порталы бул талкуунун тегерегинде собол салды.

СУЛТАН: "Илим Карыпбеков кызматынан кетирилип гана чектелбестен сөзсүз жоопкерчиликке да тартылышы керек"

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматынан кетиши керек деген пикирди толук колдоорун айтты.

"Илим Карыпбеков кызматынан кетирилип гана чектелбестен сөзсүз жоопкерчиликке да тартылышы керек! Илим Карыпбеков КТРКнын коомдук телеканал кылуу милдетин аткара алган жок. Тескерисинче, КТРК Илимдин жетекчилиги астында маалыматтык эң балит технологияларга жол берип, бир жактуу каралоо маалымат булагына айланды. Жанар Акаев айткандай, Илим Карыпбеков отставка менен гана чектелбей жоопкерчиликке тартылышы керек. КТРК 100 пайыз коомдук телеканал болушу керек!" - деди элчи Кылычбек Султан.

ТУРДУКУЛОВ: "Илим Карыпбековду отставкага кетирип, мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратуу зарыл"

Жарандык активист Адил Турдукулов КТРКнын директору Илим Карыпбековду отставкага кетирип, мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратуу зарыл экенин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты. "Ошол эле учурда коомдук канал Эсептөө палатасы тарабынан текшерилип, ишти Башкы прокуратурага өткөрүп бериши керек" деген пикирде жарандык активист.

АКАЕВ: "КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев КТРКга жетекчи болуп баруу тууралуу айтылып жаткан сөздөргө андай планы жоктугун так кесе айтты.

"Парламенттик ишмердүүлүгүмдү улантып, Кудай буюрса, келерки шайлоого да мыкты команда менен ат салышуу ниетим бар экенин жашырбайм. Мен сиздин (ред. Илим Карыпбековдун) менеджерлик сапатыңызды жогору баалайм жана ишиңизге ийгилик гана каалайм. Ушак-айың кептерге кулак салбайсыз деп ишенем", - деп социалдык баракчасына Карыпбековго кайрылуу жазды.

БАЙСАЛОВ: "Илим Карыпбеков айнектен эшик орнотконун айтып келет. Бул чарба башчынын деңгээли болуп саналат"

Жарандык активист Эдил Байсалов Илим Карыпбеков КТРКнын башчылыгынан кетиши керектигин айтты.

"Илим Карыпбеков коомдук каналды мурунку бийликтин туура эмес, калп маалыматтары менен саясий оппоненттерин жок кылуу үчүн пайдаланган. "Белизгейт" тууралуу маалыматты көрсөтүшкөн. Азыр болсо бул боюнча билмексен болуп жүрөт. "КТРКнын имаратынын бул жерин чаптап койдум, айнектен эшик орноттум" деп айтып калат. Бул чарба башчынын деңгээли болуп саналат. Бизди КТРКнын ичинде эмне болуп жатканы кызыктырбайт. Эмнеси айнектен экени кереги жок. Эң негизги продукциясы коомдук каналдын эфири болушу керек", - дейт Байсалов.

МОМБЕКОВ: "Илим Майрамбекович өз ишин так аткарып жатат деген ойдомун"

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Илим Карыпбеков тууралуу коомчулук тарабынан айтылган ачуу сын уга электигин билдирди. "Мыйзам боюнча ар бир жетекчинин өзүнүн мөөнөтү болот. Эгерде мөөнөтүнөн эрте кетире турган жагдай пайда боло турган болсо, анда аны көзөмөлдөгөн Байкоочулар кеңеши бар. Алар мыйзам чегинде караш керек. Менин пикирим боюнча коомчулук тарабынан Илим Майрамбековичке карата айтылган ачуу сынды уга элекмин. Өз ишин так аткарып келе жатат", - дейт депутат.

ТОКТОШЕВ: "Илим Карыпбековдун азыркы кызматты ээлешине моралдык укугу жок"

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев Илим Карыпбековдун азыркы кызматты ээлешине моралдык укугу жоктугун айтты. "Карыпбеков өзүнүн келечегин ойлосо арыз жазып кетип калышы керек. "Белизгейт", Өмүрбек Текебаев боюнча элдин башын айландырган бир тараптуу маалымат берип турган. КТРК элдики болгондон кийин коомдогу жаңылыктарды берип турушу керек. Карыпбеков КТРКны бир топтун каналына айландырып койду", - дейт Токтошев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан