Бүгүн, 27-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Интернет желесинде КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду кызматтан кетирүү талаптары кайрадан жанданды. Жарандык активисттер, айрым саясатчылар телеканал жетекчисинин жоопкерчилигин кароо керектигин айтып, жазып жатышат.
КТРК негизги милдетинен тайып, акыркы жылдары бийликтин оппоненттерин каралоо менен гана алектенип калганы буга чейин деле айтылып келген. Бирок КТРК жетекчилиги ал сындарды тоготчу эмес. Бүгүн кырдаал башка, телеканал жетекчиси айтылып, жазылып жаткан сындарга жооп берүүгө аргасыз болууда. Коомдук ишмер Эдил Байсалов Армениянын өкмөт башчысы массалык толкундоолордон улам отставкага кеткен күнү КТРКдан бул окуя жөнүндө эч кандай маалымат берилбегенин өзүнүн интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Байсалов бул күнү КТРКнын жаӊылыктарынан Бишкектеги бала бакча, Баткендеги ФАП, Жалал-Абадда жашыруун иштеген казино жана башкалар жөнүндө сюжеттер берилип, дүйнөлүк деӊгээлдеги окуя болгон, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ боюнча союздашы болгон Армения өлкөсүндөгү окуялар жөнүндө бир ооз сөз болбоду дейт. Дүйнөлүк ири телеканалдардын бардыгы бул күнү жаӊылыктарын Армениядагы окуялардан баштап, ушул окуя менен жаӊылыктарын жапкандыгын, коомдук деген статуска ээ болгон канал аркылуу кыргыз көрүүчүлөрү тийиштүү маалыматты учурунда албай калганына кейигендигин, аты эле коомдук деп аталганы менен телеканалдын заты дегеле коомдук деп атоого мүмкүн эмесин айтат саясатчы. Мындан улам саясатчы Эдил Байсалов КТРКдагы мындай ишмердүүлүгүнөн соң Карыпбековдун кайсы бир саясатчыны "каралоочу, жамандоочу" атаганга моралдык акысы жоктугун эскертти. Бул билдирүүдөн кийин Илим Карыпбеков Эдил Байсаловго жооп кайтарып, аны оозунан жакшы сөз чыкпаган адам деп атады. "Бул адам бардык окуяларга терс пикир билдирмейинче жашай албайт", - дейт Карыпбеков. Телеканал жетекчисинин бул сөзү интернет колдонуучулары арасында сын-пикирлерди жаратты.
Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Илим Карыпбеков кызматтан кетирилип гана чектелбей, жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде. "КТРК Илимдин жетекчилиги астында маалыматтык эӊ балит технологияларга жол берип, бир жактуу каралоо булагына айланды", - дейт элчи.
2010-жылдан кийин КТРК бийликтен көз каранды болбой калыс иштесин деген максатта КТРКнын үстүнөн Байкоочу кеӊеш түзүлгөн. 2017-жылы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз милдетин аткарбай жатат деп ушул Байкоочу кеӊешти сындаган. "Бир партиянын лидерин бир тараптуу каралоо жүрдү. Ошондо Байкоочу кеӊеште "жамандаган тарапка 24 саат убакыт берип жатабыз, ушуну 23 саат кылып, экинчи тарапка да 1 саат берели" деген киши болгон жок", - деген депутат.
Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланып, коомдук телеканал аталган КТРКнын маалыматтык саясатына акыркы жылдары сын-пикир жарандык коом тарабынан да, депутаттар тарабынан да көп айтылды. 2017-жылы Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттик телеканалдар аркылуу бийликке сын айткандарды каралоону токтотууну айтып чыкканда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев аны "балашка" деп сындап, Жанар Акаев парламентке КСДПнын арты менен өткөнүн эскерткен. 2016-жылы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Илим Карыпбековдон мамлекеттик телеканал аркылуу маалыматты эки тараптуу берүүгө чакырып: "Бакиевдин жанында жүрүп аман калдыӊ, учурда Атамбаев менен жүрөсүӊ. Эгер эки тараптуу кылып чагылдырбасаӊ бул жолу аман калбайсыӊ, эсиӊе кел", - деп эскертүү берген. Саясатчылардын, депутаттардын, коомдук ишмерлердин мындай эскертүүлөрү Коомдук телеканалдын саясатын өзгөртө алган жок. Телеканалда бийликтин оппоненттерин каралаган сюжеттерди байма-бай жарыялоо улана берди. Карыпбеков өзү КТРКнын башчылыгынан эртеби-кечпи кетерин, кызматка жабышпай турганын гана айтып, жоопкерчилиги тууралуу сөз кылгысы келбей турат. Бүгүнкү саясий кырдаалга байкоо салгандар иш кызматтан кетүү менен эле бүтүп калуусу күмөн экенин көрүп турушат. Мындай териштирүүлөрдүн айлампасында Коомдук деп аталган телеканалдын эң негизги вазийпасы кагазда гана калып, башкы телеканал бийликтин камчысын чабуучу атагынан арыла албай келе жатат...
Парламентте "Ата Мекен" фракциясы УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү ишин талкуулады. Жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү маалымат берди.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов "Манас" аэропортунда баасы 2 миллион доллар турган тамак-аш даярдоочу цех 12 миллион долларга сатып алынганын кайрадан текшерүү керектигин айтты. 2016-жылы бул маселени Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыгып, андан кийин текшерүү болгон же болбогону коомчулукка айтылган эмес. "Ата Мекенчилер" бул цех Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропортун жетектеп турганда сатып алынганын айтып жатышат. Буга чейин шаардык кеӊеш Ибраимовду ишеним көрсөтпөө жолу менен отставкага кетирет деген сөздөр чыккан. Бишкек шаардык кеӊешиндеги "Республика-Ата Журт" фракциясы мэрдин 2017-жылкы ишин угуп, канааттандырарлык эмес деп тапты.
Шыкмаматов аэропортто 2 оор жүк ташуучу (фура) унаада контрабандалык уюлдук телефондун кармалышы боюнча териштирүү жүрүшү керектигин айтат. Бул маселени да Текебаев 2016-жылы көтөрүп чыккан. Бирок депутатка бул иликтөөнү аягына жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, ал УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.
Шыкмаматов УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратураны "Белизгейт" окуясы боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароого чакырды. 25-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин, Бюджет жана финансы комитетинин төрагалыгы "Ата Мекен" фракциясына берилип, бул 2 комитеттин башчылыгына депутаттар Наталья Никитенко менен Эмил Токтошев шайланган. Эки маанилүү комитеттин төрагалыгынын "Ата Мекенге" берилиши бул фракцияга жан киргизди. Депутат Бахадыр Сулейманов күч органдарынын жетекчилери жалпыланган маалыматтарды берип, конкреттүү жоопторду бере алышпаганын сынга алды. Жыйынтыгында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекенчилер" көтөргөн маселелер өлкөдөгү эӊ резонанстуу иштер экенин, алар элдин эсинен эч качан чыкпай турганын эскертти. Ошентип 2 күн мурун парламенттин кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетин колго алган "Ата Мекен" фракциясы ишин укук коргоо, күч, көзөмөл органдарына өлкөдө болгон резонанстуу иштер боюнча катуу талаптарды коюу менен баштады...
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн байгесине 200 миӊ сом коюп, сынак жарыялады. Министрлик өлкөдө тойлор атаандашуу, байлыгын мактануу менен коштолуп мындан улам пайдасы жок ысырапкорчулукка жол берилип жатканын, атүгүл мындай атаандашуудан улам карызга баткандар көп болорун, андыктан той өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү учурдун талабы экенин билдирет. Негизги максат - ысырапкорчулукка бөгөт коюу. Той өткөрүүнүн мыкты үлгүсүн ойлоп тапкан адамга 200 миӊ сом сыйлык убада кылынды.
Расмий маалымат боюнча, Кыргыз өлкөсү жылына той-ашка 2 миллиард доллардын тегерегинде акча коротот. Чет жерде иштеп жүргөн Кыргыз мигранттары 1 жылда мекенине которгон акчанын суммасы да 2 миллиард доллардын айланасында. Салыштырып айтканда, кыргыз мигранттардан келген акча пайдасыз той-аштарга жумшалып кетүүдө. Той-аштарга кеткен чыгымды азайтуу зарылдыгы көптөн бери айтылып, тойлорго чектөө киргизүү аракеттери болуп, бирок колдоо тапкан эмес.
Биздегидей эле маселеге Тажикстан да баш катырып, мыйзам менен чектөөлөрдү киргизген. Бул өлкөдө той-аш өткөрүүнүн тартиби атайын мыйзам менен бекитилген. Мисалы, учурда Тажикстанда үйлөнүү тою жумуш күндөрү саат кечки 6дан түнкү 10го чейин, дем алыш күндөрү саат эртең мененки 8ден түнкү 10го чейинки аралыкта өтүшү шарт. Тойдун узактыгы 3 сааттан ашпоосу керек. Ошондой эле маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында мал союуга, маркумга арнап кырктык, жылдык деген жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө да жол берилбейт. Депутат Каныбек Иманалиев тойлордун мазмунун өзгөртүү керек деген пикирде. "Тойго кечки саат 6да барып 12ге чейин отуруу маданиятын өзгөрткөн оң. Улам-улам тост сүйлөп отурбай маанилүү, турмуш сырлары жөнүндө сөз болсо", - дейт Иманалиев. Тажикстандагыдай чектөөгө Кыргыз жеринде каршылар көп экени буга чейин сурамжылоолордо билинген. Тойдун жаӊы үлгүсү тандалса, ал үлгү элге кантип жайылтылары, эл көнөбү же көнбөйбү али белгисиз...