"Ата Мекен" Абдил Сегизбаевге "Белизгейт" боюнча чара көрүүнү талап кылууда

Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Белизгейт" боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-апрелде фракциянын жыйынында билдирди.

Шыкмаматовдун пикиринде, Сегизбаев кызматтык абалынан пайдаланып, жалган маалымат тараткан. "2017-жылы Сегизбаев парламент жыйынында биздин фракциянын 3 депутаты боюнча Белиз мамлекетинин расмий органдарынан 3 траст документ келгенин айткан. Ал 2012-жылы "Мегаком" компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан үч адамды 8 пайыздан үлүшкө ээ болуп калуусу боюнча күнөөлөгөн. Жыйын учурунда такталган маалымат келет деп айткан. Муну менен ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган маалымат таратып Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын укуктарын бузган.

Биз, үч депутат Лондондон жактоочу жалдап текшерттирдик эле, жактоочу андай маалыматтар жок экенин аныктап берди. Жалган маалымат тараткандыгы үчүн Сегизбаевге чара көрүлүш керек. Андан сырткары Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Мусаканов менен ыкчам кызматкер Асел Жекшенова 2017-жылы октябрда Белизге барып келишиптир. Алар эмнеге барышты, ким менен жолукту, карап чыккыла”, - деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, фракциянын жыйынында УКМКнын, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышууда.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин жана Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан.

Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан