Бүгүн, 20-июнда ЖКда “Манас” Эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоору Транзиттик жүк ташуу борборун «Манас» Эл аралык аэробекетинен чыгаруу маселеси бул объектинин андан ары иш алып баруусунун зарылдыгы жок болуп калгандыгына байланыштуу иштелип чыккан. Анткени АКШ жетекчилиги 2014-жылы коалициялык күчтөрдүн негизги бөлүгүн Ооганстандын аймагынан чыгарып кетүү менен, ал өлкөнүн коопсуздугун улуттук күчтөрдүн өзүнө өткөрүп берет. Бул маселе боюнча эки өлкө ортосунда келишим түзүлгөн. Ошондон улам АКШнын транзиттик ташуулар борборунун муктаждыгы жоюлганы турат. Эми мыйзам президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.