Нарын облусунун Долон жайлоосунда жайкы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди. Нарын шаарынын №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасына Ага Хан фонду тарабынан берилген боз үй Долон жайлоосуна быйыл экинчи ирет тигилип, 3 сааттык программа менен жайлоодогу малчылардын балдары тарбияланышууда. Белгилей кетсек, экс-президент Роза Отунбаеванын мектепке чейинки билим берүү боюнча долбоорлорунун бири болгон жайлоо шартындагы балдар бакчасын ачуу идеясы 2012-жылдан баштап Нарын облусунда ишке ашырылып келүүдө. Бул бала бакчанын тажрыйбасы Женева шаарында эң мыкты деп табылган.