Министрлер "президенттин оң колумун" деген белгисиз кишиге алданып, акча берип жүрүштү

"Президенттин оң колумун" деп министрлерден акча талап кылган окуя тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Анда президенттин жардамчысымын деген белгисиз жаран "кресло үчүн ыраазычылык билдиришиңер керек" деп бир нече мекеменин башчыларына телефон чалган. Ал мындай жол менен чиновниктерден 150 доллардан алганы айтылат.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул окуя боюнча 25 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет шаардык милиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sambet08
2018-04-27 20:00:13
Эми бир карапайымды какшатпасанар эле болду
-3
NURSAPAR
2018-04-27 20:09:04
Чиновниктерди жайлаптыр. 1500 $ сурабапсың боп кетмексиң
+4
kairan_ozum
2018-04-27 20:29:05
Мына силерге,министрлер ушуну кылса калганы эмне болот?Берген дагы пара болуп эсептелет да кечээ эле ант Берген министрлер бугун ушинтип ишти баштаса булар деле копко барбайт окшойт
+9
Komrad
2018-04-27 21:26:18
Бул эски система, мурда да болуп турчу экен
0
Janybekleilekkg
2018-04-27 21:27:55
Берген министрлерди кошо камаш керек
+6
Asan123
2018-04-27 22:17:45
150 доллар чиновниктерге акча эмес да
Жанлык кучтуу дуйно жузуу укту
Чиновниктер дагы алданышат бекен деген ой кетет
Креслонун баасы канча болот
анда жон эле адам чалса 150 доллар
берсе
Чын экенине ишенбей турган нерсе
Кимдер экен чиновниктер
+4
bayhan
2018-04-28 07:57:12
Учурдан пайдаланып чиновниктерди соккон экен, сасыган саясатчылардан жок дегенде 500$ доллардан алсаң болмок, 150доллар үчүн эми тагдырың бузулду.
0
Lilireinhart18
2018-04-28 09:30:26
ОЗУ министлике билимдуу акылдуу адамдар барыш керек, а биздин министирлер ошол акча сураган адамды да андабай байкабай телефондон эле сураса бере берген Тынар айткандай ГАЛДИРбайлар экен го
-1
uli1234
2018-04-28 09:52:14
Мына коррупция иш козгосун эми
+1
Aidar151080
2018-04-28 21:10:24
Коррупция үчүн күрөшөбүз деп коюп, чоңдорубуз өзүлөрү баштайт го чиркин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан