Кара-Кулжада жол кырсыгынан 8 жаштагы бала каза болду

Кара-Кулжада жол кырсыгынан 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 27-апрелде саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Калинин айылында болгон. Анда жол четинде ойноп жаткан 2 жеткинчекти унаа сүзүп кеткен.

"Жол кырсыгына шектүү катары 52 жаштагы ошол эле айылдын тургуну кармалган. Ал "Ваз-2107" үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун четинде ойноп жаткан 8 жана 9 жаштагы балдарды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 8 жаштагы бала окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 9 жаштагы бала Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасына жеткирилген", - деди Алтынбек Теңизбаев.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zevs
2018-04-27 20:35:00
mynday bolso jakynda turmogo adamdar tolotko.
0
Komrad
2018-04-27 21:25:02
Кайран омур, аттин
+1
aqua-94mema
2018-04-28 00:49:31
Аябай жаман иш болду аяш энелериме аяш аталарыма конул айтам Сузуп кеткен киши дагы классташымын атасы бир атанын балдары эле
0
Avtandil.
2018-04-28 09:25:33
aqua-94mema, Калинин Жетим-Добо айылыбы
0
dinara7684
2018-04-29 15:42:15
Avtandil.,
Жок Жетим Добо башка
0
Pamirlan
2018-04-28 04:53:25
Ата энесине сабыр
0
aqua-94mema
2018-04-28 10:35:49
Жок Калинин Ылай Талаадан жогору кетет
0
Sagidko88
2018-04-28 11:11:36
Калинин кайсы жери? Биз Сары-Булактан болобуз Торойчудан.Арты кайырлуу болсун. сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан