Кыргызстандын жаранын атып өлтүргөн өзбек чек арачыларына кылмыш иши козголду
Кыргызстандын жаранын атып өлтүргөн өзбек чек
арачыларына Кадамжай райондук Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Бул
тууралуу бүгүн, 20-июнда аталган башкармалыктын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алдаяр
Иманазар уулу билдирди. Айтымында, 3 чек арачыга Кылмыш жаза кодексинин “кишини өзгөчө мыкаачылык
менен өлтүрүү” жана “бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу” беренелери боюнча
кылмыш иши козголгон.