Чек арадагы адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык катын жолдоду

Баткен облусундагы чек арадагы адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык катын жолдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Катты 20-июнда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Өзбекстандын элчиси Камил Рашидовду министрликке чакырып тапшырды. Министр өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип келип, ушундай ишке барганын элчиге билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан