Бишкекте жол инспекторун бетке тээп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 27-апрель күнү саат 14:30 чамасында болгон. Анда "Бишкек Парк" соода борбору курчоого алынгандыктан, Чүй кең көчөсү менен Исанов көчөсү аркылуу бурулууга убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери айдоочуга Исанов көчөсүнөн бурулбай, Чүй кең көчөсү менен түз кетиши керектигин айткан. Айдоочу инспекторго баш ийбегендиктен жол көзөмөлдөөчү унаанын номерин чечүүгө аракет кылган учурда айдоочу аны бетке тээп жиберген. Андан кийин каршылык көрсөтүп унаасын айдай качкан.
Бул окуядан кийин Бишкек шаары боюнча кармоо планы жарыяланып, 25 жаштагы айдоочу 28-апрелге караган түнү кармалган. Айдоочу Исанов көчөсүнүн жабык экенин билбегендигин, ошол учурда дарыканага шашып бара жатканын айткан.
Учурда ал Биринчи Май районунун төргөө бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.