Ош шаарында каза болгон милиция кызматкеринин үйлөнүү тою 28-апрелде өтмөк

Ош шаарында өзүнүн унаасынан жансыз денеси табылган милиция кызматкеринин досу 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Ош шаарында жансыз денеси табылган милиция кызматкери өзүн өзү атып алышы мүмкүн. Ал тапанчаны милицияда чогуу иштеген досунан алып кеткен. Андыктан анын досу кызмат учурундагы шалаакылыгы үчүн 48 саатка камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча маркумдун үйлөнүү тою 28-апрелде Ош шаарындагы ресторандардын биринде болмок", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 28-апрелде Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.З.нын жансыз денеси өзүнүн автоунаасында табылган. Аны кароо учурунда көкүрөгүнө тийген октон каза болгону аныкталган. Автоунаа ичинен бекитилген абалда болгон. Ошондой эле маркумдун жанынан табелдик курал табылган.

Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча ал өз өмүрүнө өзү кол салган. Бирок бул багытта терең иликтөө иштери жүргүзүлөт. Т.З. ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп, аймактык тескөөчү кызматына жаңыдан гана келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
00AbibhanovMunarbek0045
2018-04-29 00:31:21
Досу олтуруп же олтуртуп койушу мумкун досуну каттуу сурака алыш керек
-8
Dalil
2018-04-29 04:43:32
00AbibhanovMunarbek0045, досу өлтүрсө өзүнүн табельдик куралын калтырат беле, ойлонуп сүйлөсөң.
+12
Aima94
2018-04-29 02:17:38
Заказное убийство 100% же кыз талашмай баягы эле. Адамдар мынча эле кырылып эле баратабыз тобо???? Эч ушул суроого жооп жок
-8
Miss.erkewka95
2018-04-29 09:39:45
Жоок, чагым озу эле олуп алганго, курал озунуку деп ойлогом кечэ, досунан сурап алып кеткенине караганда, бул жоорукка даярданып жургондой... Ким​ билсин, дагы...​
+6
travm
2018-04-29 12:45:52
Сыймык Бейшекеевдин ыры ээсиме тушуп Кетти, жаткан жери жайлуу болсун
+11
kriss120
2018-04-29 15:23:33
Озун озу олтургусу келсе кокурогуно атышы мункун емеско
+4
anash
2018-04-29 16:18:44
eh Zaryw emne deibiz jatkan jerin jailu bolsun......uilongonuno 4kun bolgon ele ozun ozu atywy munkun emes ele...28toyu bolmok....
+1
stepboy
2018-04-29 19:49:08
Досууум досум эч ишенбейм сен өзүндү өлтүрө турган бала эмес элен мен сени өллө жакшы көрөм Зарыыыыыыыл
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан