Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Жети-Өгүз райондук сотуна жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратканы үчүн 7 жаран боюнча административдик мыйзам бузуу тууралуу 7 иш түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 557-570-беренелери боюнча бардык иш соттун аныктамасы менен 28-майда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө кайтарылып берилген. Мындан сырткары баш аламандыкка катышкан аталган адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу тергөөчүлөрдүн өтүнүч арызы сотко келип түшкөн эмес.