Telegram тиркемеси бардык өлкөдө иштебей калды

АКШнын, Европанын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө Telegram мессенжери иштебей, үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, аталган мессенжер 28-апрелден 29-апрелге караган түндөн тарта иштебей баштаган. Ал эми тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучулардан кечирим сурап, тиркеменин серверлер класстери (бир нече компьютерлердин тутуму) өтө ысып кеткендиктен үзгүлтүккө учураганын айткан.

"Тиркемедеги сервердин өтө ысып кетиши Европалык колдонуучулар үчүн маселе жаратат. Бул көрүнүш бир нече саатка созулат", - деп билдирген ал.

Ал эми "Downdetector" сервиси жалпы колдонуучулардын 41 пайызы тиркеме аркылуу байланыш түзө албай жатканын аныктап чыккан. Павел Дуров учурда мессенжердин баштагы калыптагыдай иштөөсү үчүн кызуу аракеттер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Кошумчалай кетсек, аталган тиркеме Кыргыз өлкөсүндө да иштебей жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан.

Эске салсак, 13-апрель күнү Москванын Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында колдонууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Diyana
2018-04-29 14:13:14
Уфф качан иштейткен эми, кечинделе бир жакшына иштеп аткан ..
0
century
2018-04-29 14:18:26
Бул кандай тармак өзү. Эч эле кызыгып көрбөпмүн. Пайдасы барбы же жокпу?
0
Diyana
2018-04-29 14:44:46
century,вотсапка окшогон мессенджер; смс, звонок аркылуу суйлошо турган. Айырмачылыгы скорость ото жакшы, память неограниченный и анонимность. Кимдир бироо менен жазган смстерини эч ким взломать эте албайт. Билбейм мага ушул озгочолуктору менен жагат
+2
nemo2016
2018-04-29 14:18:50
Россиянын хакаерлери чабуул кылса керекта
+1
gul.1995
2018-04-29 17:20:51
Москвада иштеп эле жатат
0
Medinaa
2018-04-30 00:55:10
Ошо мен да өчүрүп салдым(
0
AKCAHAT
2018-04-30 14:57:57
Иштеп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан