Сузакта жер көчкүдөн Көк-Арт дарыясындагы суу бөгөлүп, 250 миң куб метр суу топтолду. Учурда дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарды эвакуациялоо каралууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана дарыяга жакын жайгашкан айылдарды эвакуациялоо каралууда. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замирбек Дүйшөбаев баштаган ыкчам топ иштеп жатат. Азыр топтолгон суунун көлөмү болжол менен 250 миң метр куб болду”, - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жер көчкү Көк-Арт дарыясын тосуп калгандыктан суу топтолуп жаткандыгын билдирген.